Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев "Азаттык" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Ахматбек Келдибеков эмне үчүн суракка чакырылганы тууралуу жооп берди. Бул тууралуу ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Анын айтымында, Келдибеков туура эмес схема тууралуу маалымат берген.
"Биз Ахматбек Келдибековго ал тараткан маалыматтын туурасын көрсөтүп коюу үчүн чакырдык.
Ал шайлоо системасы боюнча туура эмес схема тартып аны чечмелеп жатат. Анын максаты коомчулукка шайлоо таза өткөн жок деген маалыматты сиңдирүү. Биз андайга жол бербейбиз. Туура маалыматты көрсөтөбүз",- деди Ташиев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн