Чын курандын 19, 2025
Убакыт: 21:55
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Камчыбек Ташиев: Чек араны элибиздин пайдасына чечүүгө катыштыгым бар экенине сыймыктанам

17.11.2022 14:55
529
Камчыбек Ташиев: Чек араны элибиздин пайдасына чечүүгө катыштыгым бар экенине сыймыктанам

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 17-ноябрдагы жыйынында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара маселеси каралууда.


100 жылдан бери чечилбеген маселени чечүүгө катыштыгым бар экенине сыймыктанам. Мындай пикирин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештеги жыйындын жүрүшүндө билдирди.


"Мен Өзбекстан менен 100 жыл бою чечилбей келе жаткан чек ара маселесинин элибиздин пайдасына чечилишине катыштыгым бар үчүн сыймыктанам. Биз деле башкалардай болуп кийинкиге калтырсак болмок. Бирок биз жоопкерчилик алып, элибиз үчүн, мамлекетибиз үчүн эң пайдалуу деген келишимди түзө алдык",- деди Ташиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн