Бугу 09, 2024
Убакыт: 18:12
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Камчыбек Ташиев Кыргызстанда болгондо Токтомушевге мындай мамиле жасалбайт беле?

11.02.2021 11:53
479
Камчыбек Ташиев Кыргызстанда болгондо Токтомушевге мындай мамиле жасалбайт беле?

Камчыбек Кыдыршаевич Кыргызстанда болгондо Максат ажы Токтомушевге мындай мамиле жасалбайт болчу. Мындай пикирин УКМКнын төрагасы Камыбек Ташиевдин жакын адамы Өткүрбек Рахманов Фейсбук баракчасына жазып чыкты.


"Мурдагы муфтий Максат ажы Токтомушевдин кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилиши боюнча ар кандай сөздөр айтылып жатат. Менимче, Камчыбек Кыдыршаевич Кыргызстанда болгондо Максат ажы Токтомушевге мындай мамиле жасалбайт болчу. Үй камагында деле сурагын берип, тергөө жүрө бермек. Демек, бул маселеге УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев алыста экенине, ден соолугунун шартына карабастан, албеттте коомдук пикирди эске алып, кырдаалга жараша, мыйзамдуу жана адилеттүү кадамга барат деп ойлойм. Буюрса, баары жакшы болот. Сабырдуу болуп туралы", - деп билдирүү калтырган Рахманов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн