Бул бузулган, өрттөнгөн үйлөрдү куруп бер деп жардам сурабайбыз. Мындай пикирин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен эли менен болгон жолугушууда билдирди.
Анын айтымында, үйлөрдүн курулушу жакынкы күндөрү башталат.
"Биз азыр үйлөрдү куруп берүү үчүн өзүбүздүн күчүбүз толук жетет. Мына сентябрга чейин Кудай буйруса баарын бүтүрүп беребиз. Тажикстан кылган ишине өкүнүп жардам беребиз десе, карап чыгабыз. Азыр болсо өзүбүздүн күчүбүз жетет",- деди Ташиев.
Пикирлер (4)