Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:46
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Камчыбек Ташиев: Жергиликтүү бийлик органдары жана тургундар чек арадагы кырдаалдын курчушуна жол бербеш керек

21.10.2022 16:11
506
Камчыбек Ташиев: Жергиликтүү бийлик органдары жана тургундар чек арадагы кырдаалдын курчушуна жол бербеш керек

Бүгүн, 21-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен шаарында Баткен облусунун укук коргоо органдарынын жетекчилери, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү үчүн кеңешме өткөрдү.


Жыйындын жүрүшүндө Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды турукташтыруу, чыр-чатактарды болтурбоо боюнча комплекстүү иш-чараларды ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи.


Ошондой эле чек ара аймактарында жаралган бардык көйгөйлүү маселелер саясий, дипломатиялык жол менен сүйлөшүү үстөлүндө гана чечилиши керектигин айтты.


"Чек ара маселеси эки мамлекеттин кызыкчылыгын козгойт, буга байланыштуу ар кандай даражадагы чиновниктер да, катардагы жарандар да чек арадагы кырдаалдын курчушуна өбөлгө түзүүчү шашылыш билдирүүлөрдү жасабашы керек. Бүгүнкү күндө баарыбызга, Кыргызстанга да, Тажикстанга да тынчтык, стабилдүүлүк, эки мамлекеттин туруктуу өнүгүүсү керек", — деди Ташиев.


Ал Баткен облусунун жетекчилигине тажик тарап менен кызматташууну бекемдөө милдетин койду.


Кабыл алынган чечимдерди аткарбагандыгы үчүн Баткен облусунун укук коргоо органдарынын жана мамлекеттик органдарынын жетекчилери жеке жоопкерчилик тарта турганын белгиледи.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн