Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 22:56
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Камчыбек Ташиев абал толук турукташканга чейин Баткенде болот

28.01.2022 15:44
840
Камчыбек Ташиев абал толук турукташканга чейин Баткенде болот

 28-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстан тараптан Раджаббой Ахмадзода баштаган делегация менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу УКМК маалымдады.


Жолугушууда эки тарап атышууну токтотууга жана аскерлерин чыгарып кетүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Андан сырткары атышуунун себептери жана келтирилген чыгым боюнча айыптоолор айтылды.


УКМКнын төрагасы Ташиев кырдаалдын курчушуна алып келген тараптардын тирешүү аракеттерин дипломатиялык жол менен токтотуп, чыңалууну басаңдатуу боюнча бир катар конкреттүү чараларды сунуштады.


Чыр-чатактын келип чыгуу себептерин аныктоо үчүн эки тараптуу комиссия түзүлсүн;

Аскерлерди чек ара тилкелеринин чегинен чыгарып кетишсин;

Чек арада коомдук тартипти сактаган чек арачылар менен милиция кызматкерлери гана калсын;

Келишимдердин аткарылышы үчүн жоопкерчиликти делегациянын жетекчиси алат.

Муну менен катар тараптар чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин тездетүүнү макулдашты.


Камчыбек Ташиев чек арадагы абал нугуна түшкөнгө чейин Баткенде болорун белгиледи.


Айрым Тажикстан жарандарынын чагымчыл кыйкырыктарына карабастан, эки тараптын сүйлөшүүлөрү ийгиликтүү аяктаганын УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн