Бугу 20, 2024
Убакыт: 02:38
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Камчыбек Ташиев маркум Чубак ажы Жалиловду эскерүү жыйынына катышты

16.07.2021 14:14
1050
Камчыбек Ташиев маркум Чубак ажы Жалиловду эскерүү жыйынына катышты


Бүгүн, 16-июлда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маркум экс-муфтий Чубак ажы Жалиловду эскерди. Бул тууралуу маалымат социалдык тармакта пайда болду.

Маалым болгондой, эскерүү жыйыны Базар-Коргон районунун Бай-Мундуз айылында, каза болгон муфтийдин кичи мекенинде өттү.

Иш-чарага жергиликтүү тургундар, өлкөнүн белгилүү диний ишмерлери жана учурдагы башкы муфтий катышты.

Бүгүн Чубак ажы Жалиловду эскерүү үчүн Жалал-Абад шаарында  конференция да болот. Ал эми эртең, 17-июлда Сузак районунун Барпы айылында анын урматына мечит ачылат.

Эске салсак, Чубак ажы өткөн жылы июль айында 45 жашында пневмониядан каза болгон.


Узнать больше: https://vesti.kg/kg/politika-kg/item/88916-kamchybek-tashiev-markum-eks-muftij-chubak-azhy-zhalilovdu-eskerdi-surot.html - Камчыбек Ташиев маркум экс-муфтий Чубак ажы Жалиловду эскерди (сүрөт) - VESTI.KG - Новости Кыргызстана

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн