Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:42
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Камчыбек Ташиев менен туугандык байланышына жамынып пара талап кылган өкүл баласы кармалды

12.03.2022 19:53
766
Камчыбек Ташиев менен туугандык байланышына жамынып пара талап кылган өкүл баласы кармалды

Опузалап пара алуу фактысы боюнча И.А.К. аттуу жаран жана Сузак районунун Таш-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкери Б.А.И. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 11-мартында УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара алуу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, T.Б.T. аттуу жеке ишкерден 90 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен И.А.К. аттуу КР жараны жана Сузак районунун Таш-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкери Б.А.И. кармалды.


И.А.К. КР УКМК төрагасы К.Ташиевдин өкүл баласы болуп туруп, үй-бүлөлүк мамиленин артына жашынып, Сузак районунун Таш-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкери Б.А.И. менен сүйлөшүү жолуу аркылуу жеке ишкерден коркутуу жолу менен 120 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылганы аныкталган.


Кармалган жарандар КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 101-беренесине ылайык Жалал-Абад ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Азыркы учурда кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө амалдары жүрүүдө.


 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн