Кулжа 02, 2024
Убакыт: 05:08
USD
87.60
88.50
EUR
94.60
95.60
RUB
0.960
0.980

Камила Талиева: Эл президенттин жылуу сөздөрүн күткөн, эмне үчүн президент Лейлек районуна барган жок?

27.12.2022 13:25
845
Камила Талиева: Эл президенттин жылуу сөздөрүн күткөн, эмне үчүн президент Лейлек районуна барган жок?

Бүгүн, 27-декабрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Баткен облусунда талкаланган үйлөрдүн курулуш иштери жай жүргөнүн депутаттар сынга алды.


Алардын катарында депутат Камила Талиева Мамлекеттик курулуш ишканасынын жетекчиси Нуртазин Жетибаевдин жана Баткен облусунун башчысы Маруфхан Тулаевдин шалаакылыгын айтты.


Мындан сырткары эл өкүлү Талиева президент Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон иш сапарында эмне үчүн Лейлек районуна барбаганы тууралуу суроо салды.


"Лейлек району жетимби? Лейлек району дагы Тажикстандын кол салуусунда көп жабыр тарткан. Эл президенттин жылуу сөздөрүн, колдоо сөздөрүн күттү эле. Эмне үчүн президент Лейлек районуна барган жок?",- деди депутат.


Президенттин өкүлү Садыр Жапаровдун Баткенге болгон иш сапары алдын ала атайын программа менен бекитилгенин билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн