Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 06:16
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кан кускан. Айдаркенде аскердик кызматка чакырылган 18 жаштагы аскер каза болду

10.11.2022 13:50
450
Кан кускан. Айдаркенде аскердик кызматка чакырылган 18 жаштагы аскер каза болду


2022-жылдын 10-ноябрында  Чек ара кызматынын аскер кызматкери каза болду. Бул тууралуу мекеменин коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

       

Алдын ала маалыматтар боюнча, «Күз-2022» чакырылышынын мөөнөттүү аскер кызматкери А.Т.у. эртең менен саат 05:45те аскер бөлүктүн медициналык пунктуна дене табынын көтөрүлүп жана тамагынын ооругандыгын айтып кайрылган.

       

Аскер кызматкеринин ден соолугун көзөмөлдөө максатында аскер бөлүктүн медициналык пунктуна жаткырылган. Саат 15:00 чамасында А.Т.у. ден соолук абалы кескин начарлап, анын алдында ооз көңдөйүнөн бир ашказан кан кеткен.

       

Ага дароо тез жардам бригадасы чакырылып, алар келген маалда аскер кызматкеринин каза болгонун аныкташкан.

       

Бул факты боюнча тиешелүү органдарга маалымат берилип, окуянын себептерин жана жагдайларын тактоо боюнча иликтөө иштери башталды.  

       

Аскер кызматкердин өлүмүн объективдүү иликтөө үчүн аскер кызматкердин сөөгүнө экспертиза жүргүзүлүп, ага Кыргыз Республикасынын Аскердик прокуратурасынын жана Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү катышты.

       

Экспертизанын жыйынтыгын алуу үчүн Бишкек шаарына жөнөтүлгөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн