Чын курандын 21, 2025
Убакыт: 13:36
USD
86.80
87.30
EUR
99.70
100.70
RUB
1.055
1.095

Канадада Жастин Трюдо отставкага кетип, ордуна жаңы премьер-министр келди

10.03.2025 12:31
1268
Канадада Жастин Трюдо отставкага кетип, ордуна жаңы премьер-министр келди


Жастин Трюдонун отставкасынан кийин Канаданын Борбордук банкынын мурунку жетекчиси Марк Карни бийликтеги либералдар партиясынын жаңы лидери болуп шайланып, өлкөнүн премьер-министри болду. Бул тууралуу партиянын жазганына таянып РИА Новости кабарлады.


Жаңы өкмөт башчы дароо билдирүү жасап, Канада эч убакта АКШнын бир бөлүгү болуп калбай турганын айткан.


Карни 2008-жылкы финансылык кризистен өлкө экономикасын сактап кала алган кесипкөй экономист болуп саналат. Бул эмгегинин аркасы менен Англия банкын жетектөөгө чакырылып, Улуу Британиянын банкын жетектеген биринчи чет элдик болуп калган. 2020-жылы климаттын өзгөрүшү жана финансыга байланышкан маселелер боюнча БУУнун атайын өкүлү болуп дайындалган эле.


Трюдо администрациясынын миграция жана жогорку инфляция боюнча жүргүзгөн саясатынан улам премьер-министрликтен кетерин айткан. Саясатчы аталган кызматта 10 жыл иштеди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн