Бугу 02, 2024
Убакыт: 09:54
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.965

Канат Жумагазиев Түркиянын "ОСТИМ" өнөр жай аймагы менен кызматташуу келишимине кол койду

12.02.2024 10:33
379
Канат Жумагазиев Түркиянын "ОСТИМ" өнөр жай аймагы менен кызматташуу келишимине кол койду


Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев Түркиянын "ОСТИМ" өнөр жай аймагы менен кызматташуу келишимине кол койду.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, келишимге кол коюу Анкара шаарында өткөн Кыргыз-Түрк бизнес форуму учурунда болду.

Тараптар өнөктөштүк мамилелерди орнотуу жана ар кандай тармактарда инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган узак мөөнөттүү, натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө макулдашты.

Алдыда эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы форумдарды, семинарларды, тегерек столдорду, конференцияларды, көргөзмөлөрдү, жарманкелерди, В2В форматындагы жолугушууларды жана өнөр жай чөйрөсүндөгү башка иш-чараларды өткөрүү пландаштырылууда.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы жетектеген делегация рамий иш сапары Түркияда жүрөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн