Чын курандын 09, 2025
Убакыт: 14:31:34
USD
87.30
87.80
EUR
95.80
96.80
RUB
1.000
1.040

Каныбек Туманбаев «Биримдик» партиясынын программасы менен Аксынын элин тааныштырды

08.09.2020 13:59
1591
Каныбек Туманбаев «Биримдик» партиясынын программасы менен  Аксынын элин тааныштырды


Шайлоо ѳнѳктүгүнүн алкагында партиялардын, талапкерлердин эл менен жолугушуулары уланууда. «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» саясий партиясынын Жогорку Кеңешке талапкери Каныбек Туманбаев да кичи мекени Аксыда жолугушууларды ѳткѳрүүдѳ. 


Анын кезектеги жолугушуусу Аксынын Кош-Дѳбѳ, Улук айылдарында ѳттү. Талапкер менен жолугушууга аталган айылдардын жашоочулары катышып, Каныбек Туманбаев менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышты. 


«Биримдик» партиясынын ЖК депутаттыгына талапкери партиянын идеологиясы, багыты, программасы тууралуу айтып берип, депутат катары аткарчу  иштерине токтолду. Шайлоочуларды түйшѳлткѳн кѳйгѳйлүү маселелерди угуп, элдин суроолоруна ѳзүнүн жоопторун берди. 


Сѳз алышкан айылдын эли Каныбек Туманбаевге ишенип артышарын айтышып, шайлоочулардын мүдѳѳсүн актаган элдик депутат болушуна каалоолорун билдиришти. Шайлоодо жеңишке жетишине бата беришип, чапан  жаап, калпак кийгизишип, ак боз ат мингизип узатышты. 


«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн