Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 14:09
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Каныбек Туманбаев: “Май айынан тарта Асман шаарынын курулушу башталат”

28.02.2024 18:55
2401
Каныбек Туманбаев: “Май айынан тарта Асман шаарынын курулушу башталат”


- Каныбек мырза мына бүгүн Чүй облусуна электромобилдерди чыгарган заводдун курулушуна капсула салдыңыздар. Бул завод качан бүтүп ишке кирет? 


- Кудай буюрса август айында биринчи электромобилдерди чыгарып баштайбыз деп аракет кылып жатабыз. 


- Заводдун кубаттуулугу кандай болот? 


- Толук кандуу иштеп баштаганда жылына 80 миң авто унаа чыгарганга мүмкүн болот. 


- Август айында толук кандуу иштеп баштайбы ошондо? 


- Август айында биринчи авто унаалар чыгып баштайт. Эмдиги жылы буюрса толук кандуу иштеп калат. 


- Сурайын дегеним Асман шаарындай болуп токтоп калбайбы? 


- Асман шаары май айында башталат. Токтоп калды деген туура эмес. Андан бери кагаз иштери жүрүп жатат. Инвесторлор тараптан Техникалык Экономикалык Негиздемесин кайрадан иштеп чыгалы деген сунуштар болуп, ТЭНсин кайрадан жасап жатышат. Азыр бүтөйүн деп калышты. Май айынан тарта инфраструктурасы башталат. Президент капсула салган бир дагы иш токтогон жок. Үч жылдан бери асты бүтүп, арты курулуштар башталып атат. Өзүңөр көрүп атасыңар. Мына Бишкек шаарына 40 миң киши бата турган стадион башталып атат. Буга бир миллиард сом бөлүнүп берилди. Жакында Барселона стадиону менен шаарчасы башталат. Ар нерсенин өзүнүн бүтчү убагы болот да. Кичине сабыр кылып туралы.


Булак: vb.kg

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн