Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 12:32
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Кантип мектеп маселесин чечебиз?

06.12.2022 12:36
1609
Кантип мектеп маселесин чечебиз?


Бишкек, Ош шаарларында балдар мектептерге батпай, бир класста 65тен окуучу окуган абалга жеттик. 45 мүнөттө бир мугалим 65 окуучуга үйрөтүп үлгүрөбү! Жок. 


Мамлекеттик мектептердеги жүктү азайтуу үчүн жеке менчик мектептерди кескин көбөйтүшүз керек. Атаандаштык да болот, баа түшөт. Жеке менчик мектептерди буга чейин салыктын бир нече түрүнөн бошотконбуз, азыр мектеп, бала-бакча курам дегендин баарына акысыз жер берилгени турат. 


Ош шаарында жеке менчик мектеп ачкан жаш, билимдүү, үлгүлүү үй-бүлө бар - Өмүр менен Үмүт. 


Бүгүн дал ошол жаштар ачкан "Кел Бил" билим берүү комплексинде болуп, шарттары менен таанышып, чакан жамааты менен баарлаштым. 


Мамлекеттик стандарттын негизинде билим бергени, кошумча  робототехника, STEAM сабактары, matific платформасы,  өзгөчө окуучулар комуз үйрөнгөнү чындыгында кубантты.


6-чакырылышта жеке менчик мектептерди салыктардан жеңилдетүү боюнча мыйзам долбоорун кабыл алсак, азыр да бул багытта түрдүү тоскоолдуктарды жоюп, колдоо багытында иштерди улантып жатабыз. Өмүр менен Үмүттөй жаштар көбөйсүн!


Жанар Акаев, ЖК депутаты 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн