Күтүүсүздөн келген коронавирус пандемиясы дүйнөнүн баардык эле мамлекеттери үчүн чоң сыноо болду. Алардын ичинде Кыргызстан үчүн өзгөчө болгонун тана албайбыз. Калкынын саны боюнча алып караганда пандемиядан каза тапкандардын статистикасы Кыргызстанды биринчи орунга чыгарып койду. Демек, бизде саламаттыкты сактоо системасы өтө эле алсыз экенин билдик. Ошондон улам мамлекет башчысы саламаттыкты сактоо системасында реформа жасалышы зарыл экенин билдирди.
Ырасын айтканда, бизде ушул гана тармак эмес, башка тармактарда да сазга батып калгандай абалда. Алсак, билим берүү тармагы, айыл чарбасы, социалдык сфера, транспорт жана жол куруу тармагы. Деги эле аксабаган тармак калган жок. Билим берүүдөгү өксүктөрдү парламенттеги депутаттардын деңгээлинен көрүп жатабыз. Айыл чарбасындагы көйгөйлөрдү дыйкандардын жаз-жай тытынып иштеп, жыйнаган түшүмдөрүн кайда сатаарын билбей калганынан билип эле келебиз. Бир кыштын ызгаарынан чыга албай тешилип калган жолдор транспорт тармагынын ишин көрсөтүп турат. Айтор, айта берсек сөз көп.
Мамлекетибиз тушалган аттай ордунан жыла албай отурганына 29 жыл толду. Он айрылыш жолдун ортосунда адашып калгансып, улам бир мамлекеттин өнүгүү тажрыйбасын туурап калабыз. Же аягына чыгарбайбыз. «Казды туурайм деп карганын буту сыныптыр» деген сыяктуу абал. Эмнеге? Себеби биздин азыркы күнгө чейин өзүбүзгө гана таандык мамлекеттик максатыбыз жок. Максаты жок мамлекет кайда жылышы мүмкүн? Калакты да кайсы бир багыт менен шилтегенде кайыктын жылышы ишке ашат. Бирде алдыга, бирде артка, оңго-солго калак шилтей бергенден баш гана адашат.
Акаевдин убагынан бери карай эле мамлекетти өнүктүрүү багытында стратегиялык программалар камтылган документтер көп даярдалды. Тилекке каршы, алардын бирөөсү да аягына чейин ишке ашкан жок. Бирөөсүн аягына чыгарганча, дагы башкасын даярдай берип ашмалтайыбыз чыкты. Ар тоонун башын көксөгөн түлкү ачка өлөт абалына келдик. Мындай чаржайыттык кандай өнүгүүнү камсыздашы мүмкүн?
Максат – ачык жана так болушу керек. Ошого удаа эле анын ишке аша турган мөөнөтү, ишке ашыруунун реалдуу жолдору, ресурсу болушу шарт. Элдин жаратмандык иш жасоосуна шык бере турган бийлик башындагылардын сөзү болушу маанилүү.
Мамлекетти ийгиликке жетелей турган эң биринчи кадам – жооптуу кызматтарда сөзү ишенимдүү, принципиалдуу, билимдүү кадрлардын дайындалышы болуп саналат. Эл аларды карап түздөнө тургандай болушу абзел. Элге карап пластилиндей өзгөрө берген кадрлар эч кандай өзгөрүү жасай албайт. Кайсыл жерде билимсиздик төбөгө чыгып алса, ал жерде коррупция, бюрократия, акыйкатсыздык гүлдөйт.
Ар бир тармакка өз ишин жогорку деңгээлде билген кесипкөйлөр жетекчи болуп барганы туура. Партиялык кызыкчылык үчүн же тааныш-билиштик менен кадрларды дайындоо очорулган абалдан чыгара албайт жана элдин ишенимин жаратпайт.
Жогорку мамлекеттик кызматтарга бара тургандарга кошумча талаптар коюлушу шарт. Ал талаптар чиновниктердин жоопкерчилигин күчөтө тургандай болушу маанилүү. Ишти жөндөй албаса, же катачылык кетирсе, анда ошого жараша мыйзам алдында олуттуу жазасын тартуусу керек. Ошондо гана ар кандай популисттер, билимсиздер министр, директор, губернатор, аким болгусу келбей калат. Мындай кызматтарга өзүнө толук ишенген гана кадрлар ылайыктуу.
Парламентте да бакылдап-шакылдагандар эмес (алар өздөрүн канчалык ашкере билимдүү көрсөткүсү келгендери менен жеткен билимсиз экендиктерин билдирип коюшту), мыйзамды жаңгак чаккандай билгендер, экономиканы түшүнгөндөр, саясий абалга саресеп сала ала тургандар болушу кажет.
Кадр саясатын алаканга салынып тургандай ачык жасоого өтүү зарыл. Жаңы кызматка дайындалгандардын резюмеси коомчулукка сөзсүз жарыяланышы керек. Ошондо гана ал кызматка кандай тажрыйбага ээ кадр келгени түшүнүктүү болот.
Парламентке шайлоону ачык партиялык тизме менен өткөрүү да негизги талап. Ошондо гана эки сөздүн башын эптей албагандардан дээрлик беш жыл башыбызды катып уялып отурбайбыз. Күчтүү кадрлардан куралган парламент болсо, ошого жараша күчтүү өкмөт куралат. Күчтүү кадрлардан куралган өкмөт өлкөнүн экономикасын да, маданиятын да, деги эле ар тараптан өнүгүүсүн камсыздайт.
Бул айтылгандарды кыска убакытта эле жүзөгө ашырууга мүмкүн. Адегенде жооптуу кызматтарга кесипкөй, жигердүү кадрларды алып келип алсак, андан кийин дагы жаңы сунуш-демилгелер пайда болот. Мамлекеттик максат жаралат.
Канатбек Аскаров
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн