Тогуздун айы 25, 2024
Убакыт: 08:23
USD
85.65
86.15
EUR
92.30
93.30
RUB
0.880
0.915

Кантта убактылуу кармоочу жайдан качкан жаран кармалды

07.06.2023 05:58
577
Кантта убактылуу кармоочу жайдан качкан жаран кармалды


Кантта убактылуу кармоочу жайдан качкан Кушубек Сабыров кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.


Оор кылыштарга шектелген 29 жаштагы Сабыров бүгүн Бишкек шаарынын аймагында жашынып жүргөн жеринен колго түшкөн.


Белгилей кетсек, Балыкчы шаарынын 29 жаштагы тургуну Кушубек Сабыров 5-июнда саат 01:40 чамасында Ысык-Ата райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайынан качып кеткен.


Сабыров КР Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (Адамды уурдоо), 207-беренеси (Каракчылык), 169-беренеси (Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен айыпталып, кылмыш иши соттун карамагына 2023-жылдын 30-май күнү өткөн.


Ал ортодо Башкы прокуратура шектүүгө абактан качууга жардам көрсөткөн милиционерлер кармалгандыгын билдирген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн