Учтун айы 15, 2025
Убакыт: 21:25
USD
87.30
87.80
EUR
89.80
90.80
RUB
0.840
0.880

Канттагы жүргүнчү ташуучу автотранспорт ишканасы мамлекетке кайтарылды

15.01.2025 17:46
29
Канттагы жүргүнчү ташуучу автотранспорт ишканасы мамлекетке кайтарылды


Кант шаарындагы жалпы аянты 28 миң 143,27 чарчы метр болгон жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасы (автостанция) мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жалпы аянты 28143,27 чарчы метр (курулуштары бар) Кант шаардык автостанциясы мамлекеттин балансына кайтарылды.

1996-жылы айрым үлүштүк катышуучулары бар "Каниет" ААКнын жетекчилиги Кант шаарындагы автостанцияны мыйзамсыз менчиктештиргени аныкталган, анда мамлекеттин үлүшү 39,25% түзгөн. Бирок, менчиктештирилген учурдан тартып "Каниет" ААКдан кандайдыр бир дивиденддер мамлекеттик бюджетке түшкөн эмес.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында «Каниет» ААКсы өз ыктыяры менен Кант шаардык мэриясынын балансына сметалык баасы 800 млн 908 миң 388 сомду түзгөн жүргүнчүлөрдү ташуучу ишкананы (автостанция) өткөрүп берген.

Учурда КР УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген өндүрүштүк жана социалдык объектилерди мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иш-чаралар улантылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн