Бугу 19, 2024
Убакыт: 07:02
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кара-Балта шаарында "Унаанын" кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды

Кара-Балта шаарында "Унаанын" кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды

Жайыл-Панфилов "Унаа" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери кармалды. Бул туралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, УКМК жана ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү ("Опузалап пара талап кылуу") боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында 9-ноябрда "Унаа" мамлекеттик мекемесинин кызматкери кармалды.


"Мурда КР УКМКга К.И.А. аттуу КР жараны автотранспортту кайра жабдууда уруксаат кагаздарын берүү үчүн акча талап кылган "Унаа" ММ кызматкерине чара көрүп берүүнү суранып арыз менен кайрылган.


Ошентип, Кара-Балта шаарында Жайыл-Панфилов "Унаа" мамлекеттик мекемесинин адиси Т.К.О. акча каражатын талап кылып алып жаткан учурунда кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп айтылат маалыматта.


Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, анын ичинде "Унаа" ММ кызматкери тарабынан акча талап кылуунун башка мүмкүн болгон фактыларын аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн