Жумгал районунда 2021-жылдын 3-ноябрында саат 13:30 чамасында Кара-Кече көмүр кениндеги №27-забоюнда тоо тектин урап түшүүсү (көлөмү болжол менен 30 000м3 түзгөн) катталган. Натыйжада “Кор-Дрилинг Интер-Прайзер” жеке ишканасынын 1 даана экскаваторун басып калган. Жабыркагандар жок.
Жерине райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жана КР ӨКМнин Жумгал райондук бөлүмүнүн ыкчам тобу тартылган.
Тартылган күчтөр тактоо иш-чараларын жүргүзүшүп, тазалоо иш-чараларын “Кор-Дрилинг Интер-Прайзер” жеке ишканасына милдеттендирилген.
Азыркы учурда көмүр кени штаттык режиминде иш алып барууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн