Бишкек-Ош унаа жолунда көлөмү болжол менен 500 метр кубду түзгөн таш кулады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кечээ, 22-мартта Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарында Бишкек-Ош унаа жолунун 422-423-чакырым аралыктарында саат 16:00 чамасында көлөмү болжол менен 500 метр куб таш кулап, анын ичинен 100 метр куб таш унаа жолго түшкөн, жол каттамы жабылган эмес. Бактыга жараша, жабыркагандар жок. №30 ЖТИден 5 кызматкер, 1 манипулятор тартылып, жолдогу таштар тазаланып алынган. Бүгүн, 23-март күнү да тазалоо иштери улантылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн