Бугу 17, 2024
Убакыт: 17:45
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Кара-Көлдө дарыяга түшүп кеткен адамды милиция кошо издөөдө

18.06.2020 11:15
1009
Кара-Көлдө дарыяга түшүп кеткен адамды милиция кошо издөөдө

 

Кара-Көл шаарында 14-июнь күнү Кара-Суу дарыясына түшүп кеткен 31 жаштагы адамды милиция кызматкерлери да издөөдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

 

Маалыматка ылайык, Кара-Суу дарыясына түшүп кеткен 31 жаштагы адамды 17-июнь күнү 11 куткаруучу жана 5 милиция кызматкери издеп, натыйжа чыккан эмес.


Издөө иштери бүгүн, 18-июнь күнү улантылары айтылат.


Белгилей кетсек, Карак-Көл шаарынын 31 жаштагы Н.Н. аттуу тургуну 2 досунун көз алдында Кара-Суу дарыясына секирип түшүп кеткен боюнча чыкпай калган. Шериктери аны күтүп отуруп чыкпаган соң үйүнө кетип калышканын билдиришкен. Милициядан Н.Н. аттуу адамдын Кара-Суу дарыясына түшүп кеткенин көрүп жардам бербеген досторуна азырынча кылмыш иши ачылбасын кабарлаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн