Кара-Кулжада 7 жаштагы бала каналга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Кара-Кулжа районунда такталган маалымат боюнча, Кара-Кочкор айыл аймагынын Сары-Булак айылында Сары-Могол каналына 2014-жылы туулган К.А. аттуу жаш бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн Кара-Кулжа райондук №66 ӨКБдан 15 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 30 адам жана ИИМден 5 кызмакер тартылып, куткаруучулар тарабынан баланын жансыз денеси табылып туугандарына өткөрүлүп берилген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн