Бугу 19, 2024
Убакыт: 23:07
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кара-Кулжада дарыяга түшүп кеткен 5 жаштагы баланын денеси табылды

Кара-Кулжада дарыяга түшүп кеткен 5 жаштагы баланын денеси табылды

Кара-Кулжа районунун Сай айылында 5 жашар бала Тар дарыясына түшүп каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, ӨКМдин райондук бөлүмүнө Сай айылында 2017-жылы туулган Т.Э. аттуу бала Тар дарыясына түшүп кеткени тууралуу кабар түшкөн.


Жерине 8 куткаруучу тартылып, издөө иштеринин натыйжасында куткаруучулар тарабынан баланын сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн