Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:53
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кара-Суу районунда тоноочулук кылган эки жаран кармалды

Кара-Суу районунда  тоноочулук кылган эки жаран кармалды

Кара-Суу районунда тоноочулар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 2023-жылдын 23-июль күнү Ош шаарынын 19 жаштагы тургуну М.Б Кара-Суу РИИБге арыз менен кайрылган. Анда да ушул жылдын 21-июлунан 22-июлуна караган түнү Кара-Суу районунун Кең-Сай айылындагы талаада белгисиз жарандар аны коркутуп, "Айфон" 12 про телефонун, эл аралык паспортун, 2 000 сом акчасын жана башка документтерин коркуттуп, уруп, алып коюшкандыгын билдирген. Жабырлануучу М.Б га жалпысынан 80 000 сомдук материалдык чыгым келтирилген. 


Аталган факты Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, КРнын КЖКнын 206 беренесинде көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам издөө чараларынын жүрүшүндө аталган кылмышка шектүү катары Ош шаарынын 18 жаштагы тургуну Б.Т жана 20 жаштагы тургуну М.Д кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн