Бүгүн, 28-майда Кара-Суу районунда сел жүрдү. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, саат 12:00 чамасында Ош облусу, Кара-Суу районунда катуу жаап өткөн жаандын кесепетинен сел жүрүп Катта-Талдык айыл аймагынын Баш-Булак айылында үйлөргө суу каптоо коркунучу жаралгандыгы тууралуу малымат түшкөн.
Жерине тактоо иштерин жүргүзүүгө Кара-Суу райондук ӨК бөлүмүнөн ыкчам топ тартылган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги абал боюнча кошумча маалымат берилерин билдирди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн