Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы турак үйлөрдү сел каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Алдын ала маалымат боюнча, 4-августта, саат 18:30дар чамасында кыска мөөнөттүү жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Баш-Булак айылында сайдан сел жүрүп, турак үйлөрдү каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жеринде КР ӨКМнин Ош облусу боюнча башкармалыгынан жана Кара-Суу райондук ӨК бөлүмүнөн ыкчам топ, 16 куткаруучу, айыэки аймактан 2 даана жүктөгүч тартылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн