Кара-Сууда Өзбекстандан Кыргызстанга өткөн 100 гектар жерге өндүрүш аймагы жана кичи шаарча курулат. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, облус башчысы Элчибек Жантаев Кара-Суу районуна жумушчу сапар менен барып, келечекте өндүрүш аймагын жана кичи шаарча куруу пландалып жаткан жерди көрдү.
Иш сапардын алкагында облус жетекчиси жер тилкесинин инвентаризациясы менен таанышып, бул аймакта курула турган өндүрүш аймагынын баштапкы долбоору жана Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан көп кабаттуу үй куруу пландалып жаткан аянт боюнча маалымат алды.
Элчибек Жантаев аталган аймакка алып баруучу негизги жол, таза суу менен камсыздоо жана жалпы инфраструктура маселелерине өзгөчө токтолуп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө бул багытта ишти ыкчамдатууну тапшырды.
Белгилей кетсек, аталган долбоор Кара-Суу шаарынын өнүгүшүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратып, аймакта жаңы жумуш орундарынын түзүлүшүнө өбөлгө болот.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн