Аяк оона 03, 2025
Убакыт: 15:14
USD
87.20
87.70
EUR
101.10
102.10
RUB
1.078
1.105

Кара-Сууда 229 млн сомдук кыш заводу мамлекетке кайтарылды

03.09.2025 11:58
11
Кара-Сууда 229 млн сомдук кыш заводу мамлекетке кайтарылды


Кара-Суу районундагы 229 млн сомдук кыш заводу жана 2,4 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.


Кара-Суу районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлүп, Манас (мурдагы - Нариман) айыл өкмөтүндө жайгашкан 2,4 га жер тилкеси мыйзамсыз жеке жактарга сатылып кеткендиги аныкталган.


Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында, Манас айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан баасы 229 млн 750 миң сомду түзгөн кыш завод 2.475 га жер тилкеси менен биргеликте мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн