Чын курандын 20, 2025
Убакыт: 09:24
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Кара-Сууда опузалап 30 миң сом талап кылган мамэкотехинспекциянын инспектору кармалды

04.03.2022 15:59
568
Кара-Сууда опузалап 30 миң сом талап кылган мамэкотехинспекциянын  инспектору кармалды

Мамэкотехинспекциянын Кара-Суу райондук экологиялык көзөмөлдөө боюнча инспекциясынын ага инспектору кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


УКМК тарабынан мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Кара-Суу райондук экологиялык көзөмөл боюнча инспектору тарабынан опузалап акча талап кылуу фактысы аныкталган.


    Кара-Суу райондук экологиялык көзөмөл боюнча инспектору Кыргыз Республикасынын жаранынан 30 миң сом акча каражатын опузалап талап кылуу фактысы тастыкталып, анын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара алуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

 

  2022-жылдын 3-мартында жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын алып жаткан жеринен Кара-Суу райондук экологиялык көзөмөл боюнча инспектору М.у.Ч кармалды.


    Кармалган жаран КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылды.

 

  Азыркы учурда тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн