Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:22
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кара-Сууда сел жүрүп, үйлөргө зыян келтирилген

Кара-Сууда сел жүрүп, үйлөргө зыян келтирилген



11-майда Ош облусунун Кара-Суу району Ош - Сары-Таш - Эркештам унаа жолунун 4-6-7-чакырымдарында нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирди.


Натыйжада Мады айыл өкмөтүнүн Кыргыз-Чек, Асан-Чек айылдарында, Шарк айыл өкмөтүнүн Фуркат айылында, Нариман айыл өкмөтүнүн Беш-Мойнок айылында 12 турак үйгө зыян келтирилген. Анын ичинен 4 турак үйдүн жер төлөөсүнө, 8 турак үйдүн короосуна, 1 мектептин, 1 бала бакчанын жана медициналык борбордун короолорун каптаган. 


Жеринде селдин кесепеттерин жоюу жана тактоо иш-чараларын жүргүзүүгө ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын жетекчилиги астында ыкчам топ, Кара-Суу райондук ӨК бөлүмүнүн ыкчам тобу жана Кара-Суу райондук №25 бөлүмдөн 16 куткаруучу, РӨКОдон 27 куткаруучу 3 мотопомпа менен, Ош шаардык башкармалыгынан 20 куткаруучу 2 мотопомпасы менен, №21 ЖТИден 1 грейдер жана айыл өкмөтүнөн 1 эксковатор тартылды.


Аткарылган жумуштун жыйынтыгы тууралуу кошумча маалымат берилет. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн