Бугу 06, 2024
Убакыт: 02:21
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кара-Сууда үрөй учурган жол кырсыгынан 7 адам каза болуп, 6 адам ооруканага түштү

Кара-Сууда үрөй учурган жол кырсыгынан 7 адам каза болуп, 6 адам ооруканага түштү

Кара-Сууда жол кырсыгынын кесепетинен 7 адам каза болуп, тогузу жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.


Билдирүүгө ылайык, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Бишкек-Ош унаа жолунун 661-чакырымында "КамАЗ", Mercedes-Benz Sprinter жана Daewoo Nexia унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталган.


Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктын кесепетинен 7 жаран каза болгон (3 эркек, 4 аял), ошондой эле 6 адам Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган, 3 жаш бала балдар ооруканасына жаткырылган (аты-жөндөрү такталууда).


Жерине ӨКМ башчысынын орун басары А.Мазарипов, Ош облустук башкармалыгынын башчысы Н.Шаматов жана 3 куткаруучу тартылган.


 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн