Чын курандын 19, 2025
Убакыт: 21:12
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Каракол шаарынын милиция кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды (фото)

05.02.2022 12:31
972
Каракол шаарынын милиция кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды (фото)

Пара талап кылуу фактысы боюнча КР ИИМ кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


УКМК КР ИИМ түзүмдүк бөлүмдөрдөгү коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө, КР ИИМ ички иликтөө кызматы менен биргеликте ушул жылдын 4-февралында Каракол шаардык ИИБ кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалышты.


Такталгандай, Каракол шаардык ИИБ тергөөчүсү милициянын улук лейтенанты «Т.Б.Т» жана кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкери милициянын капитаны «А.К.Т.» сотко чейинки өндүрүштү кыскартуу үчүн акча каражатын талап кылышкан.


Иш боюнча топтолгон далилдердин негизинде КР Кылмыш-Жаза кодексини 343-беренеси (Пара талап кылуу) боюнча Каракол шаардык ИИБ тергөөчүсү жана ыкчам кызматкери кармалып КР Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районуна караштуу Түп ИИБ тергөө камак жайына киргизилишти.  


Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн