Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 11:17
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Караколдо 19 жаштагы келинди уурдап кетти делген мурдагы күйөөсү менен кайнатасы кармалды

07.02.2023 14:11
446
Караколдо 19 жаштагы келинди уурдап кетти делген мурдагы күйөөсү менен кайнатасы кармалды

Каракол шаарында аялды баласы менен уурдап кеткендер кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.


Маалыматка караганда, 6-февраль күнү милицияга аял киши кайрылып, белгисиз адамдар анын 19 жаштагы А.Р. аттуу сиңдисин бир жаштагы баласы менен машинага салып уурдап кеткенин кабарлаган. Буга байланыштуу "перехват" планы жарыяланган. Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында "Аалам ордо" аймагынан машина токтотулуп, айдоочу менен жүргүнчүлөр милицияга жеткирилген.


"Алдын ала сурак учурунда 19 жаштагы аялды анын 27 жаштагы К.Э. аттуу мурдагы күйөөсү менен 55 жаштагы К.Ж. аттуу кайнатасы алып кеткени аныкталды. Алар аял менен баланы өздөрүнүн үйүнө алып барууга аракет жасашкан", — деп айтылат маалыматта.


Учурда окуянын чоо-жайы такталып жатат. Анын жыйынтыгына жараша юридикалык баа берилет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн