Бугу 19, 2024
Убакыт: 18:27
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Караколдо 32 жаштагы жаранды жүк ташуучу унаа сүзүп кетти

Караколдо 32 жаштагы жаранды жүк ташуучу унаа сүзүп кетти

 Каракол шаарында 32 жаштагы кишини оор жүк ташуучу унаа басып калып көз жумду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.


Билдирмеге караганда, окуя кирпич заводдун аймагында жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жанында болгон.

"32 жаштагы У.У. аттуу эркек киши оор жүк ташуучу унааны оңдоп жаткан маалда техника басып калган", — деп айтылат маалыматта.

ӨКМдин куткаруучулары жеткенге чейин жергиликтүү тургундар жабыркаган адамды чыгарып, Тез жардам кызматы алып кеткени айтылды. Бирок ал ооруканага жетпей үзүлгөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн