Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында шаардагы бир катар ири объекттердин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Алгач, Адылбек Касымалиев реконструкциялоо иштери жүрүп жаткан “Жапалак автоунаа базары” муниципалдык ишканасына барды. Курулуш иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө жана ал административдик, ошондой эле иш жүргүзүүгө керектүү бир катар имараттардан турат. Жалпы 3900 автоунаа бата турган автоунаа базары 9 гектар жерге салынууда.
Андан соң, МинКаб Төрагасы курулуп жаткан Ош шаарынын борбордук базары — индустриялык-логистикалык соода борборуна барды. Жалпы 6,7 гектар жерге курулуп жаткан бул борбордук базарда 2400 орундуу соода жайы болот. Жалпы суммасы 550 млн сомго курулган бул базар быйыл ишке берилет.
Долбоордун негизги максаты – Ош шаарындагы сооданы жаңы, заманбап форматта уюштуруу, логистикалык инфраструктураны өркүндөтүү жана сатуучуларды бардык шарттар менен камсыз кылуу. Ошондой эле, талапка жооп бербеген Ош шаарындагы эски борбордук базарды шаардын четине көчүрүү жана жаңы "Индустриялык-логистикалык соода борборун" түзүү.
Ошондой эле, шаарда Ош мамлекеттик университетинин медициналык клиникасы курулууда. Жети кабат боло турган клиниканын аянты 20 миң чарчы метрди түзөт. Жалпысынан 312 орундукка ылайыкташат.
Оорукана ишке берилсе студенттерди окутуп жогорку квалификациялуу дарыгерлерди даярдоо менен бирге бейтаптарга заманбап медицина кызматын көрсөтүүгө ылайыкташтырылууда.
Мындан тышкары, Ош шаарында “Дельфин” спорт мектеби курулууда. Бир убакытта 100 адамды тейлөөгө багытталган бассейн мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде салынууда, анын суммасы 95 млн сом. Бул долбоордун максаты өспүрүмдөрдү спортко жана дени сак жашоого үндөө.
Капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жаткан объекттерди жеринен көрүп чыккандан кийин минкаб төрагасы республикалык жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып жүрүп жаткан иштердин натыйжалуулугуна, курулуштун сапатына өзгөчө көңүл бөлүп жана планга киргизилген мөөнөтүндө бүткөрүүнү тиешелүү муниципалдык органдардын жетекчилерине тапшырды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн