Чын курандын 09, 2025
Убакыт: 21:20
USD
87.30
87.80
EUR
96.00
97.00
RUB
1.000
1.040

Катар эмиринин мамлекеттик сапары учурунда коопсуздукту 3 миңдей милиция кызматкери камсыздайт

05.06.2023 12:03
348
Катар эмиринин мамлекеттик сапары учурунда коопсуздукту 3 миңдей милиция кызматкери камсыздайт


2023-жылдын 6-7-июнь күндөрү Катардын Эмири мамлекеттик сапары менен Кыргызстанга келет. Буга байланыштуу,  Ички иштер министрлиги мыйзамдуулукту жана тартипти жогорку деңгээлде камсыздоо боюнча чараларды көрүп жатат.


ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, учурда коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыздоо максатында ыкчам штаб түзүлүп, ички иштер органдарынын күчтөрүн жана каражаттарын эсептөө иштери жүргүзүлүп, ага ылайык 3000 жакын милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт.  Расмий иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту жана тартипти, жол кыймылынын коопсуздугун толук камсыздашат.

Расмий жана салтанаттуу иш-чаралар өтө турган жерлер өзгөчө көзөмөлгө алынат. Бул иш-чаралар учурунда жолдун айрым тилкелеринде унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Ушуга байланыштуу жарандардан көрүлгөн чараларга түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн