Бугу 04, 2024
Убакыт: 02:17
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Кайран өмүрлөр! Баткенде каза болгондордун саны 59га жетти

18.09.2022 22:50
845
Кайран өмүрлөр! Баткенде каза болгондордун саны 59га жетти

Бүгүн, 18-сентябрь саат 22:00гө карата алынган ыкчам маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунан 59 кыргызстандык мерт кетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, саламаттыкты сактоо уюмдарына кайрылгандардын жалпы саны 144 адамды түзүп, анын ичинен 7 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөнүн билдирди.


Жабыркагандардын көбү Бишкек жана Ош шаарындагы саламаттыкты сактоо уюмдарына которулган (102 жабырлануучу):


1. Улуттук госпиталда - 71 жаракат алган жараан;

2. Улуттук хирургиялык борбор – 8 жабырлануучу;

3. Эне жана баланы коргоо улуттук борбору – 8 жабырлануучу

4. Тез жардам ооруканасы - 9 жабыркаган;

5. Ош облустук бириккен ооруканасы – 4 жабырлануучу;

6. Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасы – 2 жабырлануучу.


"Калган жабыр тарткан жарандар Баткен облусунун саламаттыкты сактоо уюмдарында стационардык дарыланууда. Баарына керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Мындан сырткары кандын компоненттери, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү. Баткен облусунан алынган ыкчам маалыматтар боюнча, дагы 13 каза болгон адамдын сөөгү Баткен облусунун саламаттыкты сактоо уюмдарына келип түшкөн. Баткен облусунда куралдуу кагылыштан каза болгондордун жалпы саны 59 адам", - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн