Бугу 15, 2024
Убакыт: 18:44
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Кайсы дарыгерлер алдынкы коргоонучу каражаттарды колдонору айтылды

27.07.2020 11:49
872
Кайсы дарыгерлер алдынкы коргоонучу каражаттарды колдонору айтылды

 

Медицина кызматкерлерине жеке коргонуучу каражаттарды берүүдө COVID-19 инфекциясынын жугу тобокелдигине карап берилүүдө. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

 

Анын айтымында, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун кеңештерин эске алуу менен жеке коргонуучу каражаттарды колдонууда оорулулар менен байланышта болбогондор, шектүүлөрдү кабыл алгандар жана тобокелчилик менен иштегендер деп карап өзгөртүлөр киргизилген.


“Жуктуруп алуу тобокелчилиги аз болгон Саламаттыкты сактоо мекемелеринде иштеген, белгилүү симптомдору жок, кооптуу өлкөлөргө барбаган, коронавирус менен ооругандар менен байланышта болбогон үй-бүлөлүк медициналык борборлор, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, фельдшердик акушердик жайларда иштеген, тобокелчилик аз болгон жайда иштеген кызматкерлер бир жолу колдонуучу беткап тагынышат.


Экинчи топко тобокелчилик деңгээли орточо болгон, эгер курч вирустук ооруга тийиштүү белгилери (дене табынын көтөрүүлүсү, жөтөл, тамак оору) барларды кабыл алган кызматкерлер респиратор, коргонуучу көз айнек, бетти калкалоочу калкан, чепчик, бир жолу колдонуучу халат, колкап, алмаштырууга мүмкүн болгон туюк бут кийим колдонушат.


Ал эми тобокелчилиги бийик жайларда, коронавирус менен ооруган жана шектүүлөр менен иштеген медицина кызматкерлери кайсы гана жерде иштебесин респиратор, көздү коргоочу очки, бетти калкалоочу калкан, бир жолу колдонуучу медициналык халат узун жеңи менен, колкап, алмаштыруучу туюк бут кийимди бахила менен кийет”, - деди Акматова. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн