Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 01:40
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Тирүүлөй өлүккө айланып жашаган канча эже-карындаштарыбыз бар...

09.04.2021 09:49
1726
Тирүүлөй өлүккө айланып жашаган канча эже-карындаштарыбыз бар...

Каза болуп калганы үчүн гана мамлекеттик деңгээлде маани берилип жатат. Болбосо тирүүлөй өлүккө айланып жашаган канча эже-карындаштарыбыз бар.


Анан да, айрым депутаттардын публика үчүн министр кетсин, жазалансын дегендеринен майнап чыкпайт. Эл өкүлдөрүнө бир кыздын эмес бүтүндөй кыргыз элинин деле тагдыры кызыктырбайт, мамлекеттин келечеги бир тыйын. Алардын кылган кыянат иштерине тарых эртели кеч баасын берет(!)


Ошол өкмөттү, министрлерди бекитип берген өзүлөрү. Калыс болушса оптомунан чогуу кетиши керек. Министрди кетирбесек кийинки келгендерге сабак болбой калат дешет. Алтынчы чакырылыштын өкүлдөрүнө эл “жазасын” бербесе кийинкилерге точно сабак болбойт.


Ал эми Айзадды колдоп чыккан айымдарды батышчыл деп, маанайды башка нукка бургусу келгендер аман болгула. Өз башына келмейин эч ким эч нерсе түшүнбөйт.


Баса, “коопсуз шаар” долбооруна корогон акчаны андан көрө чабандарга сарптаганыбызда, балким, Камиланын өлүмү да ачылып калмактыр.


Адилет КАЛЫГУЛОВ, коомдук ишмер

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн