Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 22:40
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Казакстан Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев Кыргызстанга иш сапары менен келет

26.12.2022 16:04
667
Казакстан Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев Кыргызстанга иш сапары менен келет

Бүгүн, 26-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев Казакстан Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Рапил Жошыбаевди кабыл алды. 


Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакалар тууралуу сөз болуп, анын ичинен парламенттер аралык кызматташтыкка тиешелүү маселелер талкууланды.


Төрага Нурланбек Шакиев канатташ жашаган кыргыз-казак мамилеси акыркы жылдары жигердүү өнүгүп жатканын белгилеп: “Дүйнөдө бизден жакын эл жок. Кайгырса да, кубанса  да бирге болгон эгиз элдин ынтымагын мындан ары да арттырып, стратегиялык өнөктөштүгүн өөрчүтүү башкы максатыбыз. Андыктан ар тараптуу алакаларды кеңейтип, калыптанган соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыгыбызды улантышыбыз кажет”, – деди. 


Муну менен катар жакында эле Казакстанда болгон президенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктаган Төрага: “Касым-Жомарт Токаевдин жетекчилиги астында боордош казак элинде ири реформалар ишке ашырылып, байланыштарыбыз жаңы деңгээлге көтөрүлөт деген ишеничтемин”, – деп кошумчалады.  Андан тышкары, соода жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулатуу, чек арадагы тоскоолдуктарды жоюу жаатындагы маселелерге токтолду.  


Алсак, эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн 2 млрд АКШ долларына жеткирүү максатталган. 


Өз кезегинде Казакстан Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Рапил Жошыбаев дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн алкагында жасап жаткан иштери тууралуу маалымат берип, энергетика, коммуникация, транспорт жаатында мерчемделген долбоорлор тууралуу кеп кылды. Ошондой эле аймактар аралык байланышты бекемдөө багытында да тийиштүү иштер жүргүзүлүп жатканын айткан элчи эки өлкөнүн жергиликтүү жетекчилери ортосунда форум өткөрүү планы бар экенин билдирип, баарлашууда айтылган сунуштардын бардыгын эске аларын кошумчалады. 


Мындан сырткары жолугушууда Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын Төрагасы Маулен Ашимбаев расмий иш сапары менен Кыргызстанга келээри айтылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн