Бугу 08, 2024
Убакыт: 05:32
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Казакстан жана Тажикстандын президенттери Жээнбековго, өлкө элине көңүл айтышты

30.07.2020 12:01
913
Казакстан жана Тажикстандын президенттери Жээнбековго, өлкө элине көңүл айтышты


Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон коронавирус инфекциясы пандемиясынын курмандыктарынын элесине карата Кыргызстанда 2020-жылдын 30-июлу Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланганына байланыштуу президент Сооронбай Жээнбековго жана өлкөнүн элине көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 


«Казакстан элинин жана жеке өзүмдүн атыман коронавирус инфекциясы пандемиясынын курмандыктары болгон бир тууган Кыргызстандын жарандарынын элесине арналган Улуттук аза күтүү күнүндө чын ниеттен кайрат айтам.  Бул катаал күндөрдө дүйнөдөн мезгилсиз кайткандардын туугандарынын жана жакындарынын орду толгус кайгысын тең бөлүшүп, аларга терең кайгыруу менен көңүл айтам, ал эми бул жаман дарт менен күрөшүп жаткандардын бардыгынын тезирээк сакайып кетүүлөрүн тилейм», — деп айтылат Казакстан президентинин көңүл айтуу телеграммасында. 


Касым-Жомарт Токаев чечкиндүү көрүлгөн чаралар, кыргызстандыктардын ынтымагы жана биримдиги өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эң жакынкы мезгилде турукташтыра тургандыгына ишенерин билдирди, ошондой эле Казакстан боордош Кыргызстан элине мурдагыдай эле колунан келген жардамын көрсөтүүгө даяр экендигин жана коронавирус инфекциясына каршы биргеликте күрөшүүгө бардык аракетин жумшай тургандыгына ишендирди.


Ал эми Эмомали Рахмондун көңүл айтуу телеграммасында: "Боордош Кыргызстан элине чын ниеттен көңүл айтып, кайгыңыздарды тең бөлүшөбүз, ал эми ооруп жаткан кыргызстандыктарга тез арада сакайып кетишин каалайм.


Ковид-19 кооптуу вирустук инфекциясынын глобалдуу жайылуу тенденциясына терең тынчсыздануу менен байкоо салып жатабыз. Достук мамиледеги Кыргызстан пандемияга байланыштуу кыйынчылыктарды татыктуу жеңип чыгарына, ошондой эле илдетти ооздуктоо жана эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча өлкө Өкмөтү тарабынан көрүлүп жаткан чаралар күтүлгөн натыйжага сөзсүз алып келерине ишенем.


Тажикстан менен Кыргызстанды тамыры тереңге кеткен ак ниет коңшулук, өз ара кызматташуу жана өз ара жардамдашуу салттары байланыштырып келет.


Учурдан пайдаланып, кыргыз тарап биздин колдон келген жардамыбыз менен колдообузга ар дайым таяна аларына Сизди ишендирип кетким келет",  - деп айтылат. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн