Казакстанда баңгизаттын ири партиясын ташыган транзиттик каналга бөгөт коюлду. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн укук коргоо органдары билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын 54 жаштагы жараны Орусияда мыйзамсыз заттар катылып турган дарбыздарды алып бара жаткан.
31-июлда Казакстандын Ички иштер министрлигинин баңги кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Аскар Мухаметкалиев Павлодар-Омск жолунда жүк ташуучу Volvo үлгүсүндөгү унаа токтотулганын билдирген. Тинтүү учурунда күч органдары 59 кг ашык героин, ошондой эле 10 кг ашык салмактагы 2 брикет гашиш табышкан.
Мухаметкалиевдин айтымында, кармалган баңги заты 250 миңге жакын бир дозаны түзөт, анын «кара базарда» баасы 2,5 миллион доллардан ашат.
Укук коргоо органдары тарабынан Казакстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 286-беренесинин 4-бөлүгү («Жүгүртүүдөн чыгарылган же жүгүртүүгө тыюу салынган буюмдарды алып өтүү») боюнча кылмыш иши козголду. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка тиешеси бар башка адамдар да такталууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн