Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:41
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Казакстандык окумуштуулар COVID-19ду аныктоочу тест-система ойлоп табышты

06.04.2020 12:12
792
Казакстандык окумуштуулар COVID-19ду аныктоочу тест-система ойлоп табышты


Казакстандын президентти Касым-Жоомарт Токаев кооптуу инфекцияларды изилдөө борборунун жана Улуттук биотехнология борборунун кызматкерлерин COVID-19ду аныктоочу тест-система ойлоп табуусу менен куттуктады. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн президенттинин басма сөз кызматынан билдирүүдө.

 

Маалыматка ылайык, Казакстанда инфекцияны жуктургандардын саны 584 адамга жетип, 6 адам көз жумду. 16-марттан тартып өлкөдө өзгөчө абал кирген.


“Ата-Мекендик эки илимий изилдөө институтунун кызматкерлерин чоң жетишкендиги – өзүлөрүнүн COVID-19ду аныктоочу тест-системасын ойлоп табуусу менен куттуктайм”, - деген билдирүүдө Касым-Жоомарт Токаев.


Токаевдин айтуусуна караганда окумуштуулар кыска убакыт аралыгында Эл аралык стандартка жооп берген тестти ойлоп табышкан.


“Силердин жетишкендигиңер ата-мекендик биомедициналык тармактын атаандаштыкты көрсөтө аларын далилдейт жана коронавирус инфекциясы дүйнөдө таркап жаткан учурдада келечеги бар экенинен кабар берет. Ойлоп тапкан тесттер миңдеген Казакстандыктардын саламатыгын жана өмүр сактап калууга көмөк көрсөтөт деп ишенем”, - деген Токаев. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн