Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 19:12
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Казакстандын Сенатынын төрагасы "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барды

23.01.2023 16:56
179
Казакстандын Сенатынын төрагасы "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барды

Бүгүн, 23-январда Казакстандын парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев Кыргызстандагы расмий иш сапарын “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинен баштады.


Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришкендей, сенат төрагасы алгач 1916-жылдагы каргашалуу окуяларда курман болгондорго арналып тургузулган эстеликке, андан соң улуу калемгер Чыңгыз Айтматовдун күмбөзүнө гүл коюп, маркумдарды эскерди.


Белгилей кетсек, ардактуу конокторду Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев, Казакстан менен кызматташтык боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Кундузбек Сулайманов коштоп барды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн