Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:30
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Казакстанга 12 кг баңгизатты алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

04.02.2022 10:47
742
Казакстанга 12 кг баңгизатты алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды


УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, КР УКМК ЧКБ кызматкерлери менен бирдикте мыйзамсыз баңги затын жүгүртүү каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Тактап айтканда, үстүбүздөгү жылдын 03-февралында КР жарандары “К.К.М.” жана “А.М.А.” Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасы менен чектешкен Кара-Буура районундагы «Аманбаев» тилкесинде мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз түрдө баңги затын алып өтүүгө аракет кылып жаткан жеринде кармалышкан. Кармалгандардын бири “К.К.М.” мурда баңги затын мыйзамсыз сатканы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылганы такталды.


Текшерүү учурунда кылмышка шектүүнүн жанынан жалпы салмагы 12 кг жакын 3 даана өзгөчө жыты бар кочкул жашыл түстөгү заттары бар (культивацияланган индиялык кара куурай) желим баштык табылган. 


Бул факты КР Кымлыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүмүндө каралган (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) кылмыштардын негизинде Кылмыштардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалымат системасына катталып, анын алкагында баңгизаттардын келип чыгышын, ошондой эле бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн