Бугу 19, 2024
Убакыт: 04:54
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Казакстанга жасалма штамп менен кирүүгө аракет кылган жаран кармалды

28.10.2022 14:56
383
Казакстанга жасалма штамп менен кирүүгө аракет кылган жаран кармалды

 Коңшу мамлекеттердин бирине кирүү үчүн, паспортуна “кирүү” деген штампты жасалма кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.


    2022-жылдын 26-октябрында, паспортуна «кирүү» деген штампты жасалма кылып, "Чоң-Капка-унажолу" өткөрүү пунктундан Казакстан Республикасына өтүүгө аракет кылган, Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун Кош-Тепин районунда 1984-жылы туулган Г.Ф.Ш. аттуу Өзбекстан Республикасынын жараны кармалды.

 

 Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин 1-бөлүмү (Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.


  Кармалган Г.Ф.Ш. Талас областынын ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

  Учурда тиешелүү иликтөө иштери жүрүп жатат.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн