Казарманда жеңил унаа сайга кулап, бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Тогуз-Торо району, Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 55-чакырымында "Audi-100" унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып сайга түшүп кеткендиги туралуу маалымат түшкөн.
Кырсыктын кесепетинен айдоочусу 1985-ж.т. Э.А. аттуу эркек адам каза болгон.
Жерине Тогуз-Торо райондук №46 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин унаадан чыгарышып, ИИМнин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн