Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 17:10
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Кечээ чек арада болгон окуя боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө

30.07.2021 13:12
1962
Кечээ чек арада болгон окуя боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө

Бүгүн Баткен жана Исфара райондорунун акимдери кечээ чек арада болгон окуя боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу президенттин Баткендеги өкүлчүлүгү кабарлады.


Өкүлчулүк билдиргендей, 29-июль күнү 20:10 чамасында Баткен облусундагы чек арадагы айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча президенттин атайын өкүлү Мамыржан Рахимов, облус башчысынын биринчи орун басары Маруфхан Тулаев жана Ак-Сай айыл аймагынын башчысы Алимбек Сабиров Ак-Сай айылындагы жаңыдан курулуп жаткан үйлөрдүн курулуштары менен таанышып чыккан соң Таш-Тумшук айылына барышкан. Ал жакта турак үйлөрдү көрүп жаткан учурда жанаша жайгашкан Тажикстандын Хожа-Ало айылынын 15-20 тургуну келген. Ортодо пикир келишпестик жаралып, Тажикстан тараптан бир жаран таш ыргыткан. Натыйжада Ак-Сай айыл аймагынын башчысын унаасынын алдыңкы жана арткы айнектери сынган.


Окуядан кийин териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн кыргыз-тажик чек арасында эки тараптын күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жолугушкан. Анда тажик жарандарынын жат аракеттери боюнча маселе көтөрүлгөн. Тажикстандын Исфара райондук милициясынын башчысы тажик жарандары тарабынан келтирилген чыгымдар төлөнөрүн, таш ыргыткан тажик жарандарына карата мыйзам чегинде чара көрүлөрүн убада кылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн