Теке 04, 2024
Убакыт: 02:28
USD
85.90
86.80
EUR
92.00
93.00
RUB
0.960
1.000

Кечир бизди, наристе. Тажиктерден качып бара жаткан 5 жаштагы бала окко учкан (фото)

03.05.2021 12:45
1146
Кечир бизди, наристе. Тажиктерден качып бара жаткан 5 жаштагы бала окко учкан (фото)


Дагы бир периштебиз, келечектеги бир үй-бүлөнүн ээси болчу наристе учуп кетиптир. 

29.04.21 саат 19:15те Арка айылынын тургундары Тажикстан террористтик кол салган дүрбөлөңдөр атылган окту угуп жатышты. Бир кезде жардыруулар башталып сыртка атып чыкса эле үйлөр өрттөнүп баштайт.

«Качкыла!» деген кыйкырык угулат. Мындай апаатты өмүрүндө көрбөгөн карапайым эл баары тоону көздөй качып жөнөшөт. Абидиндин апасы да уулун колунан сүйрөй экинчи наристесин бооруна кысып эл менен кошо чуркайт. Арасында жашы да, карысы, боюнда бар келиндер, майыптар бар. Эмне болгон апаатты түшүнбөгөн эл Фергана каналынан өтмөкчү болот. Эми жетишкенде кезектеги снаряд жарылып, Абидин сууга түшүп агып кетет. Денесин чоочун кишилер көрүп калып кармап калышат, дагы 200 метрдей агып барса тажиктер тарапка өтүп кетип табылбай калмак экен.


ТУРСУНБАЕВ АБИДИН АЛИБЕКОВИЧ 1-июльда 5 жашка толмок. Ата-эненин тун уулу, көкүрөк күчүгү, ширин небере. 

Өз айылына көмгөнгө болбой калыптыр, тэлжиктер атып жатышкан, Даргаз айылына жерге беришиптир.....

Террорист Э. Рахмонов, шейит кеткендерге сыздагандардын көз жаштары сага тынчтык бербесин. Сен террорист, киши өлтүргүч, кылмышкерсиң!


Барчын Аманова


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн